Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
К.Садыковду узатуу иш-чарасына кызматтын төрагасы Чыңгыз Кожошев, анын орун басары У.Жолдубаев жана жалпы жамаат катышты.