• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саясаттагы салтка айланып бара жаткан кошоматчылык

5 Жетинин айы 2018 15:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
«Кошоматчы бетиңе айткан сонун сөзүн, аркаңан айтпайт»,-деген накыл сөз Атамбаевге тиешелүү болуп турган өңдүү. Анткени учурунда Курманбек Бакиевдин колунан сыйлык алган Атамбаевдин “Сиздин президент болооруңузду билгенмин” деп айтып мактаганы буга далил десек болчудай.
«Кошоматчылыктын сырты жалтырак болгону менен ичи калтырак» болуп, Атамбаевдин Бакиев кеткенден кийинки пикиринин кандай жака өзгөргөнү жалпыга маалым.
Убакыттын өтүшү менен Атамбаев өзү дагы ушундай жагдайга кабылды. Анткени бийлик Атамбаевдин колунда турганда Иса Өмүркулов аны айга-күнгө теңеп жатты эле…
Ал бийликтен кетээри менен оюн өзгөртүп, Атамбаевге душман болуп калды деген ойлор айтылууда
Атамбаевдин доору дүркүрөп турган кезде депутат Бакыт Төрөбаев да ага алкыш айтып жүргөн. Учурда Төрөбаевдин өз оюнан кайтканы акыркы берген маалыматтарынан белгилүү болуп калды.
Бир кезде депутат Сайдулла Нышанов Атамбаевге “КР Баатыры” деген наам берүү керек деп чыкты эле, кийин экс-президенттин туулган күнү менен куттуктамак турсун билдирүү жазбастыгын айтканы кошоматчылыктын белгиси десек болчудай.
Ушундай эле кошоматчылыкты Аскар Акаевдин эң жакын кишиси болуп жүргөн, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев жасап,  түндүк-түштүк альтернативалык жолуна Атамбаевдин ысымын ыйгарууну демилгелеп чыкканы бар.
Кыргызда кошоматчылык менен бирөөнү жалпак тилге салып алдап, азгырып, өзүнө тартып, сөздү жылмалап айтып, көксөгөн максатыңа жетсең болот деген көрүнүш кыргыз саясатында ролун мыкты аткарып жаткандай болуп калды…

Количество просмотров: 35