• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Сайдулла Нышанов Аида Касымалиевага «эч ким вице-спикер болуп төрөлбөйт»,-деди

30 Үчтүн айы 2019 14:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.01.2019. Govori.TV

КТРК нын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо учурунда Жогорку Кеңеште талашты жаратты

Депутат Исхак Масалиев менен Садык Шер-Нияз жыйында регламент сакталбай жаткандыгына нааразы болду.

Эл өкүлү Садык Шер-Нияздын айтымында бир талапкердин келбей калгандыгына байланыштуу добуш бербей коюу туура эмес.

Ал эми депутат Жанар Акаев эч кандай регламент бузулбаганын айтты. Анын билдиришинче комитеттин чечими болгон.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КТРК нын Байкоочу Кеңешинин мүчөсүн шайлоо каралып жаткан учурда Сайдулла Нышанов вице-спикер Аида Касымалиевага эч ким вице-спикер болуп төрөлбөй турганын эскертти. Мындай пикирди айтууга жыйындын тартиби бузулуп жаткандыгы себеп болду.

Ушундай бир катар талаш пикирлерден кийин Жогорку Кеңеште танапис жарыяланып, түштөн кийинкиге калды.

Количество просмотров: 18