• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Салымбеков мамлекетке 100 млн сом төгүп, эркиндикке чыкты

15 Жетинин айы 2021 13:44 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба азыктарын экспорттоодогу коррупция фактысы боюнча 100 миллион сом мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Мурда маалымдалгандай, Айыл чарба министрлигинин айрым кызмат адамдары жеке бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктарды экспорттоого уруксат кагаздарын каттоо үчүн экспорттоочулардан мажбурлоо жолу менен акча чогултуп, мыйзамсыз киреше алуу боюнча туруктуу канал уюштурушкан.

Буга байланыштуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле «Дордой Дыйкан» базарынын директору Салымбеков Эркин Мааткабылович кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым ишканалардын салык төлөөдөн качкан фактылары да аныкталган.

«Кылмышка шектүү Эркин Салымбеков келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 100 миллион сом салган. Келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет. Муну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасына өзгөрттү»,-деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба азыктарын ташуудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Количество просмотров: 967