• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Санарип министрлиги жоюлуп, президенттин иш башкармалыгынын курамына кирди

30 Чын куран 202616:35 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармасына кошулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордонун” басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүдө олуттуу өсүш болгону, бирок бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболор дагы эле тоскоол болуп жатканы айтылган. Андан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде олуттуу кемчиликтер аныкталганы белгиленген.

Количество просмотров: 387