• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шаарды каптаган кара туман. Чыйырчыктын каргышы.

23 Үчтүн айы 2018 11:21 Бишкек Govori.TV

Баардык адамга жагыш үчүн 100 долларлык банкнот болуш керек деген сөз туура айтылган. Себеби кандай кылсаң дагы кемтик тапкандар чыгат. Мисалы Бишкек шаарын ушуга чейин канча мэр башкарды. Баарына тең жолду оңдобойт, таштандынын чыгарбайт деп нааразы болуп келгенбиз. Анан азыркы мэр Албек Ибраимов келди. Чындыгында шаардагы мурдагы  магистралдар узарды, жаңы магистралдар салынды, проспектилер, квартал аралык жолдор оңдолду.

Бирок бир нерсени кылыш үчүн экинчи нерсени курмандыка чалуу мыйзам ченемдүүлүгүнө ушул жерден туш болдук. Айрым көчөлөрдү кеңейтиш үчүн жол боюндагы бак-дарактарды кыюуга туура келди. Айрыкча Душанбе көчөсүн кеңейтип жаткандагы жергиликтүү жашоочулар менен шаар жетекчилигинин ортосундагы кармаш эстен кеткис болду. Бактарды кыйдырбайбыз деген жашоочулар бутактарды кучактап, коё бербей. Милиция аларды  күчкө салып сүйрөп. Иши кылып  бул көрүнүш нерви жук адамдар үчүн эмес болду.

Ошондо жап-жашыл болгон бактар кыйылып, чымчыктардын уялары кошо кулап, жумурткадан жаңы чыккан сары ооз балапандардын ар кайсы жерде өлүп жатканы, кичине болсо дагы адамдык сапаты калгандардын көзүнө жаш алдырган.

Акыркы эки жумадан бери борбор калааны кара түтүн каптап жатканы катуу талкууга алынып, өкмөттүн деңгээлине чейин көтөрүлдү. Эксперттер өлчөп көрсө Бишкектеги абанын булганычынын көрсөткүчү Пекиндин көрсөткүчүнө жакындап калыптыр. Шаардын экологиясынын мындай ахыбалга келгенине албетте Бишкек ТЭЦин айыптагандар чыкты. Алар болсо ТЭЦ жаңы эле модернизация болгонун. Атайын экологияны булгабай турган жабдыктар коюлганын айтышты.

Анан күнөө жер тамда жашагандарга оодарылды. Шаарды кара түтүн кеч күүгүмдө каптап жатат. Ошол учурда жаңы конуштун тургундары көмүр жагып баштайт экен. Албетте экологияны сакташ ар бир шаар тургунуна керек. Бирок алар аба булганат эле деп тоңуп өлүшмөк беле.

Шаардын абасын булгап жаткан  жол толтура болгон унаалар болушу мүмкүн экенин эки адамдын бир айтат. Азыр бир үйдө төрттөн, бештен машина бар. Кемпир-кезек, катын-калачтын баары бирден машине минип алган. Бирок алар канчалык деңгээлде абаны булгап жатканын эч ким билбейт. Себеби Бишкекте бир унаа канча көмүртек чыгараарын текшере турган жай жок экен да.

Бишкек СССРдин аймагындагы эң жашыл шаар деп аталган. Демек бизде экологиялык маселе болбош керек эле. Болду-болбоду  ошол сары ооз балапанынан айрылган чыйырчыктын эле каргышы тийип жатат окшойт.

Количество просмотров: 42