• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Шашылыш билдирүү! 1-2-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

29 Тогуздун айы 2018 17:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.10.2018.Govori.TV.
Үстүбүздөгү жылдын 1-2-ноябрь күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ага ылайык, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2-ноябрларда жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 1-3-ноябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарына суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет. Андыктан, тоолуу унаа жолдор менен алыскы сапарга чыгаар астында, унааларыңызд дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, чынчырча, күрөкчө, болуусу зарыл. Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 кызматына билдириңиз, чалуу акысыз.
Количество просмотров: 42