• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шашылыш билдирүү: Аптаптуу ысык 28-июлга чейин созулат

26 Теке 2022 9:47 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өлкө аймагында 26-28-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталарын эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…+41, Талас өрөөнүндө +34…+39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө +37…+42, тоо этектеринде +34…+39, Суусамыр өрөөнүндө +27…+32, Ысык-Көл ойдуңунда +29…+34, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында +31…+36, тоолуу райондордо +24…+29, бийик тоолордо +14…+19 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Количество просмотров: 450