• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Рублдин баасы түштү. УКТ мүчөлөрү менен профилактикалык сүйлөшүү өттү

7 Бештин айы 2023 14:07 Бишкек Govori.TV

УКТ МҮЧӨЛӨРҮНӨ ПРОФИЛАКТАКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРДҮ

КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзгөн ишинин алкагында Чүй облусунун аймагында жашаган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, алардын баары ИИМдин каттоосунда турат.

Кошумчалангандай, алар кылмыштуу топторго аралашуудан, “уурулардын идеяларынан жана түшүнүктөрүнөн” баш тартышты.

Учурда Улуттук коопсуздук органдары тарабынан мамлекеттик кызмат адамдарынын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен болгон кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү чаралар көрүлүүдө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнүн жер алдамчылыктарына катыштыгын аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

РУБЛДИН КУНУ ТҮШТҮ

Кыргызстанда Россия рублинин баасы түштү.

Улуттук банк 7-декабрга карата расмий курсту 0,9698 сом (1,11 пайызга төмөндөдү) деп белгиледи.

1-декабрда рубль курсу 1,005 сомду түзүп, андан соң кескин төмөндөп кеткен.

Учурда коммерциялык банктар рублди 0,945-0,955 сомдон сатып алып, 0,97-0,99 сомдон сатууда.

15 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 3, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт катталган.

Количество просмотров: 109