• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сууга аккан эне-бала: Наристе табыла элек

24 Теке 202310:59 Бишкек Govori.TV

Сууга чөккөн наристени издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Аламүдүн капчыгайындагы эс алуу жайында С. кызы К. аттуу 1 жашар кыз Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.

Кечээ, 23-июлда кызды издөө иштерин улантуу максатында 20 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн, 24-июлда издөө-иштери улантылат.

Эске салсак, 18-июлда Чүйдөгү эс алуу жайында наристе кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 1996-жылы туулган келин сууга түшүп кеткен. Ошол эле күнү келиндин жансыз денеси табылган.

Количество просмотров: 179