• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сыймык Жапыкеев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

19 Теке 2021 18:05 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев коронавирус илдетине каршы вакцинациядан өттү. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

«Достор, китайский вакцина алдым, караңгычылыктын кереги жок, Ковид 19 Кытайдан башталган, алар вирусту буюрса утушту, эмне деген тартип, мээнет кетти, Кытай молодцы! Баары жараткандын колунда, бирок сактанганды сактаймын дейт. Достор, вакцина алыш керек, Бир караңгы чалдар каршы чыгып атышат, бул туура эмес. Эгерде ооруп калсаңар 1000 долларга дарыланасыңар, вакцина алсаңар жуксада жеңил өтөт экен.

Европа, Америка, Россия бары алып башташты. Дүйнөдө вакцина табылбай жатат. Вакцина алыш үчүн атайы бир мамлекетке барып сайдырып, ал жерде үч жума жашап, күбөлүгүн алып жатышат. Европада «почти» баарысы алышты. А бизде өкмөт 1,2 млн. вакцинаны кызылдай акчага сатып келишсе, кээ бирлери караңгычылык менен албайбыз, деп отурабыз. Өкмөт бекер берип жатканда рахмат деп эле алыш керек, вакцина табыш дүйнөдө өтө кыйын болуп турат», — деп Жапыкеев баракчасына жазган.

Количество просмотров: 209