Бүгүн, ЖКнын жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттардын чет өлкөгө болчу сапарларына чектөө коюлганын айтты.
«Бүгүнкүнү эсепке албаганда Жогорку Кеңештин сессиясынын аякташына 5 пленардык жыйын калды. Анда өлкө үчүн маанилүү кабыл алынчу мыйзам долбоорлор, документтер бар. Алдын ала айтып коеюн, дүйшөмбүдөн баштап бардык чет өлкөлүк сапарларга чектөө коюлду. Өтө маанилүү бир-экөө эле болбосо бардыгын токтотобуз», — деди Шакиев.
Эске салсак, парламент 1-июлдан тарта жайкы эс алууга чыгат. Депутаттар 1-сентябрдан тарта ишке киришет.