• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Түркмөнстанда көз карандысыз басылмалардын баракчаларына пикир калтырган жарандар куугунтукталууда

1 Теке 2024 18:12 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Балкан облусунда коопсуздук кызматкерлери чет өлкөдө жайгашкан көз карандысыз басылмалардын жана оппозициялык топтордун баракчаларын окуган жарандарга каршы күрөштү күчөттү.

Социалдык тармактарда өз оюн билдирген жарандар Улуттук коопсуздук министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрүнө суракка чакырылууда. Бул тууралуу 28-июнда «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

«Ушул жумада полиция кызматкерлери түркмөн саясатын сындаган видеолорго «лайк» баскан же Путиндин саясатын айыптаган жана Украинаны колдоп комментарий калтырган социалдык тармактын колдонуучуларынын үйүнө келип, аларды Улуттук коопсуздук министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрүнө алып кете баштады», — деди кырдаалдан кабардар жергиликтүү тургун.

Туугандары ушундай жагдайга туш болгон Балкан облусунун бир нече тургуну кармалгандардын телефондору алынып, сурак төрт саатка созулганын айтышты.

«Түркмөнбашы жана Балканабад шаарларында кармалган жарандардын көбү TikTok социалдык тармагындагы баракчаларга катталганы белгилүү болду. Кээ бирлери ал жерде жарыяланган билдирүүлөргө билбей «лайк» басышкан», — деди алардын бири.

Бул жарандар биринчи жолу кармалгандыктан алардан түшүнүк кат алып, 200 манат айып пул салып, коё беришкен. Бирок УКМ кызматкерлери мындай аракеттери үчүн кайра-кайра камакка алынса, катуу жазага тартыларын эскертишкен.

Количество просмотров: 68