• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы координациялык кеңешмеси өтүүдө

10 Бештин айы 2020 10:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы координациялык кеңешмеси өтүүдө. Ага өкмөт мүчөлөрү, күч органдары катышууда.

Жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берди.

«Бүгүнкү кеңешменин жыйынында коронавируска карата иш-чараларды жүзөгө ашырууда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маселе каралат. 2020-жылы эң көйгөйлүү маселелердин бири коронавирус илдети болду.Баардык тармактарда анын ичинен Саламаттык сактоо министрлигиндеги системдүү жана орчундуу маселелер бар экени анык», — деди Зулушев.

Укук коргоо органдарынын жемкорлукка каршы иштеринин жыйынтыгы боюнча Башкы прокурордун орун басары Абай Молдокматов, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдер баяндама жасап жатат.

Говори.ТВ агенттиги кеңешменин жыйынын түз эфирде чагылдырууда.

Количество просмотров: 75