• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Түз эфирде баласына «сыра ичирем» деген келин кармалды

20 Бирдин айы 2024 15:48 Бишкек Govori.TV

Tik Tok социалдык түйүнү аркылуу өз баласынын өмүрүнө коркунуч жаратып сүйлөгөн Сүлүктү шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Ж.Г. кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал өзүнүн түз эфир аркылуу кызына карата жасаган бул кылган мамилесин «хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасаган элем» деп түшүндүргөн.

«Ал милиция органдары мынчалык тез реакция жасап, кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады. Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган кыздын кыймыл-аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берди»,-деп айтылат маалыматта.

19-февралда Tik Tok социалдык тармагында кыргызстандык аял түз эфирге чыгып, азык-түлүк алууга чамасы жетпей жатканын, катталуучулар анын жеке эсебине акча салбаса, колундагы наристесине сыра ичире турганын айткан видео тараган.

Количество просмотров: 257