• Ишенби 6 Теке 2024
  • Суббота 6 Июль 2024

Таласта окуучу кыз кош бойлуу экендиги аныкталган. Милиция 31 жаштагы жаранды кармады

23 Бугу 2024 12:44 Бишкек Govori.TV

Таласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу экендиги тууралуу маалымат түшүп, милиция 31 жаштагы эркекти кармады.

Талас ОИИБдин маалыматына ылайык, 13-майда Айтматов милициясына мектеп мугалимдери тарабынан 15 жаштагы өспүрүм кыздын боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча жашы жете элек кыздын апасы дагы милицияга арыз менен кайрылган.

«Аталган факты Айтматов РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Текшерүү учурунда өспүрүм кыздын 26 жумалык боюнда бар экендиги аныкталып, аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары 1993-жылы туулган А.А. кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 713