• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта 27 жаштагы келин эки баласы менен киши колдуу болду

24 Бугу 20249:08 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-майда саат 00:37 чамасында 102 кызматына Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүүү фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары буга чейин соттолгон аталган айылдын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. издеп табуу багытында ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпөө максатында чектөө коюлду.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда Талас облустук жана Айтматов райондук милиция кызматкерлери тарабынан жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1712