• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Ташиев менен Зулушевдин атын жамынып, акча опузалагандар кармалды

2 Теке 2024 17:20 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жана КР Башкы прокурорунун атын жамынып опузалап акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы менен жана Кыргыз Республикасынын мурдагы Башкы прокурору менен байланышым бар деген шылтоо менен А.Г.Э. аттуу жарандан, күйөөсүнө карата соттун оң чечими үчүн 8 миң АКШ доллар акча каражатын талап калган адамдар кармалды.

Мындан сырткары, мурда алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козгол Т.Т. тарабынан аталган жабырлануучу А.Г.Э.ге моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары катталып, жана К.И.А. Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасынын жээни экенин, ошондой эле мурдагы башкы прокурор Зулушев К.нын «окул баласы» жана жаңы дайындалган Асаналиев М.нын тууганы экендигин айтып, буга байланыштуу ал сотторго таасир этип, жабырлануучунун күйөөсүн бошотушу мүмкүн экендигине ынандыруу үчүн колдон келген аракетин жасаган.

Ошентип, 27-июлда акчалай сый акынын бир бөлүгүн алгандан кийин жогорудагылар кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 82