УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сурак берүү үчүн Ички иштер министрлигине кайра чакырылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты өздүк булактар ына таянып жазды.
Алардын айтымында, бүгүн, 29-апрелде Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулу КР ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына саат 15:00дө келишкен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аларга бүгүн айып угузулушу мүмкүн.
Бул тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек.