• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Ташкентте 16-кабаттан боюн таштаган кыз каза болду

5 Кулжа 2024 9:17 Бишкек Govori.TV

4-июнда Өзбекстандын Ташкент облусунун Алмалык шаарында 19 жаштагы кыз 16 кабаттуу үйдүн чатырынан секирип каза болду.

Жашоочулардын чакыруусу менен келген тартип сакчылары жана куткаруучулар кызды оюнан кайтууга көндүрүүгө аракет жасашкан, бирок майнап чыккан эмес. Бул тууралуу шаардык администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыз бул үйдө жашаган эмес. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы Gazeta.uz сайтына билдиргендей, тергөөгө чейинки текшерүү учурунда кыздын өздүгү аныкталган.

Ведомство белгилегендей, үйдүн чатырынын эшигинин кулпусу талкаланган.

Теги:
Количество просмотров: 156