• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына барды

2 Бугу 2024 12:46 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына келди. 

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортунан Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. 

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына, ошондой эле Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт, ошондой эле энергетика, курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 94