Кыргызстандын Германиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, ал ЖК төрагасы болуп шайланган учурду эстеген.
“Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайлангам.
Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди.
Курагыбыз бир болгон менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык.
Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды.
Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка.
Бирок миссия — бир.
2005- жылы да, 2026- жылы да Төраганын негизги милдети бирдей эле:
биринчи — саясий туруктуулукту камсыз кылуу,
экинчи — мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө,
үчүнчү — социалдык-экономикалык өнүгүүгө жол ачуу”,-деп жазды Текебаев.