• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Тилектештик акциясы: 28-октябрда Кыргызстандын ЖМКлары жаңылык берүүнү токтотот

28 Тогуздун айы 2022 8:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы эркин медиаларга карата болуп көрбөгөндөй кысымдын күчөшүнө байланыштуу 28-октябрда ЖМКларга жасалып жаткан кысымга  каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык кампания башталды.

28-октябрда Blackout Day жарыяланып, бир дагы жаңылык чыгарбайт.

Ошону менен катар эле Govori.TV бир күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин чыгаруудан баш тартат.

КРнын маданият жана маалымат министрлиги “Азаттыктын” сайтынын ишин токтотуу боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алган. Кыргызстандын медиакоомчулугу бийликти сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине карата кысымды  жана  журналисттерге, блогерлерге, жарандык активисттерге жана башка өз пикирин эркин айткан жарандарга  карата кылмыш куугунтугун токтотууга чакырат.
 
Биз бардык кесиптештерди бул акцияга кошулууга чакырабыз, себеби, бул бөгөт коюу эртең ар бирибиздин башыбызга келиши мүмкүн.

Медиакоомчулуктун билдирүүлөрүн төмөнкү жактан окуй аласыз:

Количество просмотров: 409