• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМКнын абагында каза болгон Бакыт Асанбаевдин сөөгү жерге берилди

19 Кулжа 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында асынып турган жеринен табылган «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин сөөгү жерге берилди.

Маркум Сокулук районундагы Новопавловка айылында акыркы сапарга узатылды.

Эске салсак,18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. Ал камерасында асынып алган абалда табылып, ага тергөө камак жайынын кызматкерлери жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылган. Алар тарабынан Бакыт Асанбаев каза болгондугу аныкталган.

УКМК билдиргендей, Бакыт Асанбаевдин жанында дагы 3 айыпкер болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылышкан. Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон.

Асанбаев өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы кол салуу аракеттерин өз убагында алдын ала алышкан эмес.

Асанбаев камерага жайгашкандан бери ден соолугунун абалына, камакта кармоонун шарттарына даттанган эмес. Жактоочусу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турган, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.

Мындан тышкары, камакта кармоо учурунда, өз жанын кыюу аракеттери жүрүм-турумунан байкалган эмес. Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 182