• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026
Screenshot

УКМК: Пара талап кылууга шектелген милиция кызматкерлери кармалды

21 Чын куран 202612:35 Бишкек Govori.TV

УКМК 21-апрелде маалымдагандай, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жана ыкчам кызматкери чет элдик банк эсептери аркылуу пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бөлүм башчы жана ыкчам кызматкер Орусия жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш ишинде жазасын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 млн рубль (100 миң АКШ доллары өлчөмүндө) талап кылышкан.

Коопсуздук кызматы шектүүлөр түз далилдерди болтурбоо максатында пара алуунун аралыктан ишке ашырылган схемасын иштеп чыгышканын кошумчалады.

«Кармалган жарандын үй-бүлөсү мүлкүн сатып тапкан акчасын Орусиядан бөлүп-бөлүп, башка адамдардын атына катталган «Сбербанк» карталарына которуп турушкан. Андан кийин нак акчага айландыруу жана Кыргызстанда мыйзамдаштыруу үчүн үчүнчү жак да тартылган. Бул ыкма кызмат адамдарына каржылык операцияларга өздөрүнүн тиешеси бар экенин жашырууга мүмкүндүк берген», — деп билдирди УКМК.

Кармалгандар атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмышка башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 169