• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук банк алдамчылыкка шектүү эсептерди 30 күнгө бөгөттөөнү сунуштады

18 Жалган куран 20259:54 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк алдамчылыкка шектүү эсептерди 30 күнгө бөгөттөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу башкы банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, сунуш банктар, финансылык жана төлөм уюмдарынын өкүлдөрү менен талкууланып, макулдашылган.

«Бул — иликтөө үчүн оптималдуу мөөнөт. 30 күндүн ичинде эсеп боюнча бардык иликтөөлөр аякташы керек», — деди Алиев.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен бардык банктарды, финансы уюмдарын алдамчылык операцияларды аныктоого жана алдын алууга багытталган «Антифрод» системасын орнотууга милдеттендирүү сунушталып жатканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 118