• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салды

13 Аяк оона 2023 10:26 Бишкек Govori.TV

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы тарабынан КРнын жаранына (Т.Г.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз акча алмаштырган Кыргызстандын З.Т. жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Количество просмотров: 55