Улуттук банк Ош аэропортундагы акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту. Аталган акча алмаштыруу жай КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген «Ош» аэропортунун учуп келүү залында жайгашкан «Эсенов» ЖЧКсы.
Буга байланыштуу аталган жайдын 2023-жылдын 3-октябрында берилген № 6593 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 9 апрелинен тартып 15-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Мындан тышкары, мыйзам жана ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузган Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.