• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Улуттук кеңештин алдындагы комитеттин курамына Робин Орд-Смит киргизилди

12 Бирдин айы 2020 13:08 Бишкек Govori.TV

Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 24-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 24-декабрындагы №253 «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

— Жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамында:

курамдан Боронов К.А., Пономарев С. В., Ажыкулов Т.Н чыгарылсын;

курамга Асрандиев Эркин Шамшудинович — Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комитеттин төрагасынын орун басары, Пакыров Фархад Ганижанович — «Бизнес Ассоциация ЖИА юридикалык жактардын бирикмесинин башкармасынын төрагасы, Робин Орд-Смит — Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) киргизилсин.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Количество просмотров: 105