• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Унаа жардан кулап, төрт киши каза болду

21 Чын куран 202613:32 Бишкек Govori.TV

20-апрель күнү Кара-Суу районундагы Ынтымак айыл аймагындагы Ынтымак-Кызыл-Суу ички чарбалык жолунда Hyundai Accent үлгүсүндөгү унаа жардан кулап, Кочкор-Ата дарыясына түшүп кеткен.

Кырсыктан төрт киши каза болгон. Маркумдардын сөөктөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөн райондук бөлүмүнүн куткаруучулары суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Милиция автокырсыктын жагдайларын иликтеп жатканы кабарланды.

Количество просмотров: 122