• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Январь окуялары боюнча Алматы шаардык кеңешинин депутаты кармалды

22 Чын куран 2022 16:33 Бишкек Govori.TV

Алматы шаардык кеңешинин депутаты, ишкер жана блогер Кайрат Кудайберген кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар анын жакындарына шилтеме кылып кабарлашты.

Бул маалыматты Алматы шаардык прокуратурасы да ырастады. Мекемеден Кудайберген Январь окуялары маалында «жапырт башаламандыктарды уюштурган жана катышкан» деп шектелип жатканын билдиришти.

Кайрат Кудайберген февралда Instagram’дагы баракчасына Улуттук коопсуздук комитети менен Башкы прокуратурага суракка чакырылганын жазган. Анда ал Дубайда эс алып жүргөнүн айткан.

Казак басылмалары Кудайбергендин кармалышы анын Январь окуялары маалында «Дикий Арман» деген каймана ысым менен белгилүү кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин жанында жүргөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Жумагелдиев өзү январь айында «жапырт башаламандык уюштуруу» айыбы менен кармалган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Арман Жумагелдиевге мындан тышкары «Мыйзамсыз курал сактоо» жана «Адамдын эркиндигин чектөө» беренелери менен айып тагылган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда Январь окуяларынан кийин козголгон кылмыш иштеринин алкагында 214 киши соттолду. Алардын 20сы түрмөлөргө камалды.

Количество просмотров: 92