• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ысык-Көлдө 100 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

6 Баш оона 2021 10:06 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан баасы 100 млн сомдон ашкан 10 гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-мартындагы токтому менен Кара-Ой айылындагы «Каухар» пансионатына жакын жайгашкан 10 гектар жер тилкеси мыйзам бузуу жолу менен Ш.Э. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

«Мыйзамсыз берилген бул жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура сот органдарына доо арыздар менен кайрылып, бардык соттук инстанциялар тарабынан алар канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчикке берилип кеткен 101 млн 641 миң сомдук 10 гектар жер мамлекеттин балансына кабыл алынды»,деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 139