• Жума 10 Теке 2026
  • Пятница 10 Июль 2026

Ысык-Көлдүн аймагында 41 миңден ашык суур катталды

10 Теке 202610:10 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда суурлардын санын эсепке алуу иштери жыйынтыкталып, аймакта жалпысынан 41 миң 286 баш суур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, санакты министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы жүргүздү. Анын алкагында белгиленген маршруттар боюнча талаа байкоолору уюштурулуп, жапайы жаныбарлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсү боюнча маалыматтар топтолду.

Белгиленгендей, суурларды эсепке алуу иштери жапайы жаныбарлардын санын аныктоо боюнча бекитилген нускамага ылайык жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 37