• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Ысык-Көлдүн» ордунда административдик имарат кура турган дирекция жоюлду

24 Кулжа 2022 16:49 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциясы» мамлекеттик ишканасын жойду. Бул тууралуу Токтом порталы жазды, бирок президенттин расмий сайтында бул тууралуу маалымдалган эмес.

Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул чечим боюнча маалымат кийинчерээк бериле турганын билдирди.

Маалымдалгандай, 2022-жылдын 14-июнунда мамлекет башчысы бул уюмду жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда бул президенттин ишин башкарууну оптималдаштыруу үчүн жасалып жатканы айтылат.

Эске салсак, Мамлекеттик дирекция 2021-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Анын жетекчиси Марат Турсунбеков болгон. Ал мурдагы Ысык-Көл мейманканасынын ордуна президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу менен алектенген.

Количество просмотров: 106