• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Юрист: ЖКнын алтынчы чакырылышынын Конституцияны өзгөртүүгө укугу жок

20 Жетинин айы 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

ЖКнын алтынчы чакырылышы легитимсиз. Алар Конституциялык реформаны толугу менен жасай албайт. Бул тууралуу конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева билдирди.

Сания Токтогазиеванын айтымында, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы легитимсиз. Анткени алардын ыйгарым укуктары расмий түрдө 28-октябрда аяктаган.

«28-октябрдан кийин, Конституциянын 70-беренесине ылайык, 5 жылдык мөөнөткө гана шайланат. Бирок 71-беренеде, мурунку чакырылыштын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштын депутаттары келгенден кийин токтотулат деп жазылган. Бизде 4-октябрдан кийин шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттары бийликтин ваакумуна жол бербөө үчүн гана ишин улантууга аргасыз болууда. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, тактап айтканда, 114-берене демилгечилерге ушул Конституцияга өзгөртүү гана киргизүү укугун берет, аны жаңы Конституция менен алмаштыра албайт. Бизде болсо азыр, баш мыйзамдын иш жүзүндө толугу менен алмаштырылышы болуп жатат»,-деди ал

Количество просмотров: 33