Жогорку Кеңеште экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен депутат Чыңгыз Ажыбаев айтыша кетишти.
Жыйын учуруунда эл өкүлү Баткен облусу боюнча жол картага каражат жетпей жатканын, аны 1,5 миллиард сомго көтөрүүнү сунуштаса «Акылбек Жапаров менен Финансы министрлиги өз кызыкчылыгы үчүн артка кетиргенин» айтты. Экономика министри Баткен үчүн баары күйүп жатканын, ал эми каражат өз убагында бөлүнгөндүгүн айтып, депутатты этиканы сактоого чакырды.