• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Өзбекстан Катар үчүн эмгек мигранттарын даярдай баштайт

3 Кулжа 2024 16:28 Бишкек Govori.TV

2-июнда Өзбекстандын иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министри Бехзод Мусаев Катардын эмгек министри Али бин Самих аль-Марри жетектеген делегация менен жолукту.

Тараптар Өзбекстандан Катарга жумушчу күчүн тартуу, аларды окутуу жана уюшкандыкта жөнөтүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Былтыр июнь айында Самаркандда эки өлкөнүн өкмөттөрү «Катар мамлекетинин аймагында жумушчу күчүн жөнгө салуу жөнүндө» келишимге кол коюшкан. Бул жолку жолугушууда ал келишимди ишке ашыруу механизмдери талкууланды.

Катар тарап акыркы 10 жылда чет элдик кадрлар негизинен курулуш тармагына тартылганын, учурда туризм, саламаттык сактоо, транспорт, компьютердик технологиялар жана башка тармактарда квалификациялуу адистерге муктаждык жогору экенин билдирди.

Бехзод Мусаев бул маселени чечүү үчүн жумушчу күчүн максаттуу даярдоону сунуштады.

Али бин Самих аль-Марри чет элдик жумушчулардын укуктары мамлекет тарабынан ишенимдүү корголот деп ишендирди. Ал ошондой эле социалдык камсыздоо, медициналык камсыздандыруу, айлык, чыгашалар, чет элдик жумушчулардын транспорт жана жатаканасы толугу менен иш берүүчү тарабынан каржылана турганын билдирди. Мындан тышкары чет жерде иштеген аялдардын укугун коргоо боюнча комиссия түзүлдү.

Жыйында эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда биргелешкен комиссия түзүлгөнү айтылды. Комиссиянын жыйыны Катарда өтөт, анда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлат.

Количество просмотров: 73