• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Өзбекстан Түштүк Кореядан жогорку ылдамдыктагы алты электр поезд сатып алат

14 Кулжа 2024 15:27 Бишкек Govori.TV

13-июнда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдин Ташкентке жасаган сапарынын алкагында «Өзбекстан темир жолдору» жана Hyundai Rotem компанияларынын өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу «Өзбекстан темир жолдорунун» басма сөз кызматы билдирди.

«Жыйынтыгында Өзбекстан темир жолдору», «Темиржолэкспресс» жана Hyundai Rotem компаниялары «Ташкент – Үргөнч – Хива» багыты боюнча жогорку ылдымдыкта каттай турган электр поезддерди алып келүү жана аларды техникалык жактан тейлөө жөнүндө келишимге кол коюшту», – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Экономикалык өнүгүү жана Түштүк Корея менен кызматташуу фондунун (EDCF) катышуусу менен жогорку ылдамдыктагы алты электр поезд сатып алуу жөнүндө токтомго кол койгон. Бул үчүн EDCF 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 35 жылга 185 миллион евро өлчөмүндө насыя берет. Анын жылдык пайыздык чени 0,1% түзөт.

Алына турган электр поезддери Шавкат Мирзиёевдин сунушу менен «Жалаладдин Мангуберды» деп аталат.

Каттам иштей баштагандан кийин жаңы поезддер менен Ташкенттен Хивага чейин жети саатта барууга мүмкүн болуп калат деп күтүлүүдө.

Количество просмотров: 94