• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Өзбекстанда акысыз товар таратуу менен жарандарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салынды

1 Теке 2024 9:23 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов түрдүү товарларды акысыз таратуу жолу менен жарандарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салган токтомго кол койду.

Документке ылайык, жарандарды массалык иш-чараларга түрдүү товарларды, анын ичинде азык-түлүктөрдү акысыз же «өтө эле төмөнкү баада» берүү убадасы менен чогултууга тыюу салынат.

Ички иштер министрлиги менен Улуттук гвардияга өкмөт башчысынын токтомундагы талаптын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жана аны бузгандарды административдик жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилди.

Быйыл 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Ташкенттеги «Ашхабад» паркында 20 миң жумшак оюнчукту акысыз таркатуу боюнча акция жарыяланып, 40 миңге жакын киши топтолгон. Мындан улам шаардын көптөгөн көчөлөрүндө унаа тыгындары болуп, тургундарга бир топ ыңгайсыздыктар жаралган. Анда массалык иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин бузганы үчүн парктын директору, орун басары жана жарнама бөлүмүнүн башчысы 15 суткага камалып чыккан.

Количество просмотров: 51