• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Өзбекстанда суу сактагычтагы авария тууралуу жалган маалымат тараткан кишилерге иш козголду

12 Кулжа 2024 16:44 Бишкек Govori.TV

Кашкадарыя облустук ички иштер башкармалыгы Гиссарак суу сактагычындагы кырсык боюнча социалдык тармактарда жалган маалымат таратты делген жарандарга кылмыш иши козголгонун билдирди.

Билдирүүдө 10-июнь күнү айрым жарандар Шахрисабз районундагы Гиссарак суу сактагычы тууралуу жалган маалыматты интернетке таратып, элдин тынчтыгын бузуп, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарына зыян келтиришкени айтылат.

Бул факты боюнча Шахрисабз районунда жашаган эки кишиге жана алардын шериктерине карата «Жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр эки жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч (1 эсептик көрсөткүч = 27 доллар) өлчөмүндө айып пулга жыгылып, же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Гиссарак суу сактагычындагы абал боюнча тараткан алгачкы расмий маалыматында суу сактагычтын дамбасында авария болуп, бирок суу сактагычка олуттуу зыян келтирилбегени, кооптонууга эч кандай негиз жоктугу, абал көзөмөлдө экенин айтылган.

Бирок ӨКМдин билдирүүсү элди тынчтандырууга жардам бербей, дүрбөлөң жаралган. Социалдык тармактарда суу сактагычка жакын жайгашкан аймактардын тургундары үйлөрүн таштап кетип баратканы, мунун кесепетинен жолдордо тыгын пайда болгону тартылган видеолор тараган.

Шахрисабз районунун акими Самад Хасанов 10-июнь күнү кечинде жасаган билдирүүсүндө Гисарак суу сактагычында эч кандай авария болбогонун, айыл чарба муктаждыктары үчүн кошумча суу чыгаруу чечими кабыл алынганын айткан.

11-июнда Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министри Абдулла Кулдашев билдирүү жасап, Гисарак суу сактагычында авариялык абал болбогонун, объект кадимки режимде иштеп жатканын кабарлады.

Министр инженердик-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө дамбанын сол бөлүгүндө ири өлчөмдө суунун агып чыкканы жөнүндө алгачкы расмий билдирүүгө комментарий берген эмес.

Количество просмотров: 93