Өзбекстандын чыгышындагы Наманган облусунда төрт баланын апасы үстүнө бензин чачып, өзүнө өрт койду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя 10-июнда Янгикурган районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Жыйынтыгында аял алган жарааттарынан улам каза болуп калган.
28 жаштагы келиндин мындай кадамга баруусуна үй-бүлөлүк чыр себеп болгону кабарланууда.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, бул факты боюнча «Өз өмүрүн кыюуга чейин жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.