• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Өзбекстандагы Гиссар суу сактагычында авария болду

11 Кулжа 2024 17:37 Бишкек Govori.TV

10-июнь күнү кечинде Кашкадарыя облусунун Шахрисабз районунда жайгашкан Гиссар суу сактагычында авария катталды.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, «Гиссарак ГЭСи» унитардык ишканасына таандык Гиссар суу сактагычында кошумча туннель ачуу максатында жүргүзүлүп жаткан инженердик-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө дамбанын сол бөлүгүндө ири өлчөмдө суунун агып кетүүсү байкалган.

Ырастала элек маалыматтарга ылайык, чоң резервуардын төмөн жагында жарака пайда болуп, ал аркылуу секундасына 80 литрден суу агып чыга баштаган. Учурда ал жерде 50гө жакын атайын техника жана 160тан ашык жумушчу иштеп жатат.

Авариялык абалдын алдын алуу үчүн аймакка Кашкадарыя облусунун акими баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, ыкчам штаб түзүлдү.

«Абал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө. Суу сактагыч зыянга учураган эмес. Каза болгондор жана жаракат алгандар жок», – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин өзбекстандык telegram-каналдар аталган суу сактагычка жакын жашаган тургундар жапырт түрдө автоунаалар менен кетип жатканы тартылган видеолорду жарыялашкан.

Количество просмотров: 353