• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жаан карга айланышы күтүлөт. 4-ноябрга карата аба ырайы

3 Жетинин айы 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык 2021-жылдын 4-5-ноябрында түнкүсүн аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

4-6-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −5…-10°, күндүз −2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн −6…-11°, күндүз −3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −6…-11°, күндүз −1…-6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −10…-15°, күндүз −2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн −21…-26°, күндүз −10…-15° суук болот.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 159