Жалал-Абад шаарында 4 жаштагы кыз зордуктоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу 24-июнда арыз түшкөн. Тергөөнүн баштапкы маалыматтарына ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн биринде белгисиз киши кичинекей кызды зордуктаган.
«Топтолгон материалдар 24-июнь күнү Жалал-Абад ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иш козголду. Кызга соттукмедициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган», — деп жазылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Б.Х. кармалып, 2 айга камакка алынган.
Кошумчалангандай, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.