• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан бошотту

19 Баш оона 2022 19:33 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев кайра өз иш ордуна барууга даяр экенин билдирип, ал буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун чечимин күтүп жатканын белгилеген.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров Бейшеналиев тууралуу чечимди жакынкы күндөрү кабыл аларын маалымдаган.

Эске салсак, 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулган.

Бейшеналиевге козголгон башка иштер боюнча тергөө уланууда жана Башкы прокуратура азырынча кандайдыр бир маалымат бере элек.

Аталган орган Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголуп, 2-июнда кармалганын маалымдаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.

Кылмыш иши козголгондон кийин Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан убактылуу четтетилген жана анын ордуна Жаркынбек Касымбеков Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Количество просмотров: 19517