• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши менен жолукту

30 Жетинин айы 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушууга Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жетекчиси – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев катышты.

Мамлекет башчысы аксакалдарды Биринчи Элдик Курултайдын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, элдин ишенимине ээ болуп, чыныгы ой-мүдөөсүн бийик трибунадан жеткирген делегаттарга ыраазычылыгын билдирди.

Ал белгилегендей, Курултайда эки күн бою ачык-айкын сөздөр айтылып, ошонусу менен бул жыйын өзгөчөлөнүп турду.

Количество просмотров: 187