• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Жапаров Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысын кабыл алды

3 Теке 2024 13:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, өлкөгө расмий сапар менен келген Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассисти кабыл алды.

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болуп, анын ичинде саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу күн тартиби, региондор аралык кызматташтык, Швейцариянын Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгү, туризмди жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы дипломатиялык мамилелер орногондон бери эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи.

Президент 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд АКШ долларынан ашкандыгын айтып, бул көрсөткүчтү мындан ары жогорулатуунун үстүндө биргеликте жигердүү иш алып баруу зарылдыгы боюнча пикирин билдирди.

Биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу контекстинде Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ишкананы, ошондой эле Швейцария 20 миллион швейцариялык франктан ашык салым кошкон Ат-Башы ГЭСинин реконструкцияланышын айтып өттү.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле банк жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөөнү, тоо күн тартибин алдыга жылдырууну сунуштады.

Өз кезегинде Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын олуттуу потенциалын белгиледи.

Ал Швейцария өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин спектри боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Количество просмотров: 65