• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жээнбеков, Отунбаева, Бабанов. Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадга кимдер катышты

8 Бугу 202511:45 Бишкек Govori.TV

Ала-Тоо аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өтүүдө.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров , Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу , Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев , Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев , министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев , Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты

Ошондой эле экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева, министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов, бизнесмен Өмүрбек Бабанов, саясатчы Феликс Кулов жана башка расмий өкүлдөр да байкалды.

Количество просмотров: 836