• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков: Соттук реформаларга эскиче ой жүгүртүүлөр тоскоол болууда

27 Бештин айы 2018 12:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.12.2018. Govori.TV.

Сот реформасына тоскоолдук кылгандар катуу чаралар менен жазаланат. Бул тууралуу 27-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчы буга чейинки эки ыңкылапка адилетсиз сот чечимдери, коррупциянын күчөшү себеп болгонун белгилеп, соттук-укуктук реформага баруудан башка жол жок экенин айтты. Ошондуктан реформаны үзгүлтүккө учураткан же кайдыгер караган жетекчилерге катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Жыйындын күн тартибинде эки маселе, соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жана жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Бул боюнча вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков маалымат берди. Мындан сырткары райондор аралык соттор, тергөө судьясынын укуктук статусу, жаңы Жарандык-процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жана судьяларды ротациялоо жөнүндө төрт мыйзамдын долбоору каралып, бул боюнча Кеңештин мүчөсү, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева баяндама жасады.

Кыргызстанда сот реформасын ишке ашырууну мамлекет жетекчилери 2010-жылдан бери убада берип келет. Бирок бул убаданын ишке ашпай жатканын оппозиция менен жарандык коом көп ирет сынга алышкан.

Количество просмотров: 22