• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖК комитети «Кемпир-Абад» боюнча кыргыз-өзбек келишимин жабык карап жатат

31 Тогуздун айы 2022 16:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча кыргыз-өзбек келишимин карап жатат.

Депутат Ырысбек Атажанов маселени жабык эшик артында кароону сунуштады.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров, «Жашыруун эч нерсе жок. Эмне үчүн жабык сессия? Буга чейин өтө орчундуу маселелер жабык эшик артында каралса, азыр күн сайын жабык эшик артында отурабыз”, — деп билдирди.

Кыска талкуудан кийин комитет бул маселени жабык кароону чечти.

Количество просмотров: 70